Бишкекте лицейлерде, университеттерде сабак саат 10до башталат

Бишкекте лицейлерде, университеттерде сабак саат 10до башталат

Бишкектеги кесиптик лицейлер, университеттер жана коллеждер сабакты саат 10до башташат. Бул тууралуу  маалыматты Reporter.kg’ге министрлер кабинетинин маалымат кызматы ырастады.

Акылбек Жапаров ордо калаанын мэриясы сунуштаган демилгени колдоп, тийиштүү токтомго кол койду.

Шаардагы мектептер сабакты саат 8ден эрте баштай алышат.

Белгилей кетсек, муниципалитет шаардагы унаа тыгынын азайтуу үчүн ар кандай сунуштарды көтөрүүдө. Мэрия унаалардын номурундагы акыркы сандарга карап жолго чыгууну, аймактардан келген транспорттон акча алууну дагы демилгелеп жатат.

Муниципалитет буга чейин шаардын ортосундагы темир жолду кесип өтө турган 8 көпүрө же өтмөк курмай болгон. Бирок учурда бир эле жерден өтмөк ачылып жатат.

Айбек Жунушалиев мэр болуп дайындалганда ага 2024-жылдын биринчи кварталында унаа тыгынын чечүү тапшырмасы берилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>