Бишкекте лифттин шахтасына жаш кыз түшүп кетти

Бишкекте лифттин шахтасына жаш кыз түшүп кетти

Бишкек шаарындагы мейманканалардын биринде лифттин шахтасына жаш кыз түшүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 27-мартта саат 19:16 чамасында болгон. Куткаруучулар атайын шаймандардын жардамы менен жүк лифттин бекилип калган эшигин ачып, жаракат алган кызды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>