Бишкекте май куюучу жайларда бензин дагы 2,78%га жогорулады

15.03.2021 | 15:36

Ири май куюучу жайлар боюнча  сайттардын берген маалыматына ылайык, Бишкекте 15-мартка карата АИ – 92 маркасында күйүүчү майдын баасы орточо эсеп менен 2,78% жогорулады.

АИ-92 күйүүчү майдын борбордогу орточо баасы 44, 4 сомду түзүүдө. Дизелдин орточо баасы май куюучу жайларда – 41, 7 сомго, суюлтулган газ – 24, 65 сомго бааланууда.

АИ-92 күйүүчү майга болгон баанын төмөнкү баасы – 43, 9 сомду, АИ-95 – 45, 9 сомду түзүп жатат. АИ-98 маркасындагы күйүүчү майды эки май куюучу жай:«Газпром нефть» 49, 9 сом менен жана Bishkek Petroleum 50, 5  сом менен сунуштоодо.

Дизелдик отундун минималдуу баасы Бишкектеги май куюучу жайларда – 41, 5 сом менен сатылып жатат. Суюлтулган газды үч тармак сатып жатат:

– «Партнер Нефть» – 23,9 сом менен;

– Bishkek Petroleum – 23,9 сом (Бишкектеги жана Чүй облусундагы үч май куюучу жай);

– «Газпром нефть» – 25, 4 сом менен  (Бишкектеги үч май куюучу жай).

Scroll to Top