Бишкекте мамлекеттик ипотекага бериле турган 18 кабат үйлөр курулат

Бишкекте мамлекеттик ипотекага бериле турган 18 кабат үйлөр курулат

Бишкекте мамлекеттик ипотекага бериле турган «Ынтымак» турак жай комплексинин курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Аталган конуштун курулуш баштоого президент Садыр Жапаров капсула салды. Анын аянты 18 гектарды түзүп, 18 кабаттуу үйлөр тургузулат. Андан тышкары жол, мектеп, 2 бала бакча салынып, айлана-тегереги жашылдандырылат. Турак үйлөрдүн биринчи кабатында коммерциялык объекттер жайгашат.

Садыр Жапаров билдиргендей, учурда мамлекет тарабынан ипотекага бериле турган 42 миң 316 батир салынып жатат. Ошол эле учурда Бишкекте 22 миң 573 адам, аймактарда 15 миң 400 киши үй алууга кезекте турат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>