Назарали Арипов Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси болуп дайындалдыАз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн көбү «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун ала алатThe Pussycat Dolls тобунун жылдызы Николь Шерзингер Бишкектеги Көчмөндөр оюндарында ырдайтБишкектеги «Мадина» базарында ири өрт өчүрүлүүдө30-август: Кыргызстанда абанын температурасы +37 градуска жетип, айрым жерлерде жаан жаайт«Рухтун жел кайыктары»: Ысык-Көлдө эл аралык регата башталды
Кызыл-Кыяда жол кырсыктан 4 адам көз жумду
18.10.2024 | 13:50
Баткендин Кызыл-Кыя шаарында жол кырсыктан 4 адам көз жумду. Бул тууралуу облустун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Жол кырсык 18-октябрга караган түнү болжол менен саат 02:50до болгон. Ош – Баткен – Раззаков жолунда “Мерседес-Бенц W211” унаасы менен бараткан 29 жаштагы айдоочу карама-каршы тилкеге чыгып кетип, “Хонда Степвагон” менен сүзүшкөн. Жол кырсыктын айынан 4 адам каза болуп, дагы 4 киши ооруканага түшкөн.
Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом