Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайы
Бишкекте маршрутка жөө жүргүнчү кызды сүзүп кетти
07.10.2022 | 17:20
Бүгүн, 7-октябрда Бишкекте №227 каттамдагы кичи автобус жөө жүргүнчү кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кичи автобусту башкарган 52 жаштагы К.М. аттуу айдоочу Киев көчөсү менен батышты көздөй бара жатып, Турусбеков көчөсүндө 27 жаштагы М.А. аттуу кызды сүзүп алган. Жол кырсыгынан жаракат алган кыз тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилген.
«Азыркы учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда», – деп билдиришти кайгуул кызматынан.
Учурда кичи автобус айып аянтчасына токтотулган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз