Нарында ок атышуу менен аяктаган жаңжал. Милиция эмне дейт?

Нарында ок атышуу менен аяктаган жаңжал. Милиция эмне дейт?

Нарында быйыл июль айында жер талаштан чыккан жаңжалдан улам ок атылып, жергиликтүү тургундардын жаракат алышы боюнча кылмыш иши козголуп, 3 адам камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланып жатканын Reporter.kg’ге  облустук милициядан билдиришти.

«Учурда тергөө амалдары уланууда. Бул иш боюнча кармалган үч адам камакта отурат. Жакында иш тергелип бүтүп, сотко өткөрүлөт», — деп маалымдашты милициядан.

Эскерте кетсек, окуя быйыл июль айында болгон. Облустук милициянын маалыматы боюнча, 7-июлда К.Б. аттуу тургундун үйүнө айылдын 40-60га чукул тургундары сүйлөшүү үчүн келишкенде, үй ээси ок атуучу куралы менен топтошкон элге ок чыгарган. Чогулган эл ошол учурда К.Б.нын үйүн таш менен койгулап жатканда К.Б.нын бир тууган иниси «Субару-Аутбек» унаасы менен келип, элди сүзө качырып айдаган. Тургундар анын унаасын оодарып салышкан. Унаа белгисиз себептер менен өрттөнүп кеткен.

Андан соң К.Б.нын дагы бир иниси «Спринтер» унаасы менен келип, элди сүзө качырып кубалап, куралы менен элди көздөй ок чыгарган. Натыйжада октун кесепетинен аталган айылдын алты тургуну денесинен ар кандай жаракат алып, облустук ооруканасына жеткирилген.

Андан мурдараак 2-июль күнү айылдын 40 жаштагы тургуну Ж.А. менен К.Б. уруша кеткен. Ага Тегерек-Кырчын  участогунда 10 гектарга  жакын жайыт жерди К.Б. үй-бүлөсү менен мыйзамсыз тосуп алгандыгы себеп болгон. А.Ж. менен К.Б.нын бир туугандары  жана баласы менен уруп сабашкандыктан, А.Ж. денесинен жаракат алып, облустук оорукананын сынык-жаракат бөлүмүнө жаткырылган. Бул окуя 3-июль күнү милиция тарабынан каттоого алынып, териштирүү иштери жүргүзүлүп баштаган.

Ал эми 5-июлдан 6-июлга караган түнү К.Б.нын үйүнүн короосундагы чөбү өрттөнүп, бул боюнча да милиция териштирүү жүргүзүп жаткан.

Окуядан кийин эки тарап бири-бирин күнөөлөп, милицияга арыз жазышкан.

Ок атышуу менен аяктаган жаңжал: Нарында 3 адам камакка алынды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>