14-июнда борбор калаада чуркоо боюнча Night Run түнкү жарышы өтөт. Быйыл ага 25 өлкөдөн 3000ге жакын катышуучу катышат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады
Старт жана финиш жери — «Газпром балдарга» дене тарбия-ден соолук комплекси.
Аралыктар — 5 км жана 10 км.
Иш-чаранын убактысы — саат 19:30дан 23:30га чейин.
Жарыштын маршруту Жайыл Баатыр көчөсүнүн бир тарабында (Түштүк магистраль) — Шералиев көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин (чыгыш багытта) өтөт. Буга байланыштуу бул тилкеде саат 20:30дан 23:00гө чейин автотранспорт үчүн убактылуу жол жабылат.
Night Run жарышы массалык спортту жана калктын ден соолугу үчүн маанилүү болгон физикалык активдүүлүктү өнүктүрүү максатында өткөрүлөт. Ал бешинчи жыл катары менен миңдеген жөө күлүктөрдү бириктирип келе жатат.
Жарышка каалагандардын баары — жашына жана даярдык деңгээлине карабастан — катыша алышат. Анын форматы жана жеткиликтүүлүгү иш-чарага борбордон сырткары эң алыскы аймактардан да катышуучуларды тартууга мүмкүнчүлүк берет.
Иш-чара «Номад Спорт» коомдук бирикмеси жана Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти тарабынан уюштурулган.