Бишкекте билим берүү мекемелеринде тамактануу системасын жакшыртуу боюнча адистештирилген семинар өттү.
Иш-чарага Агартуу министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү, билим берүү уюмдарынын жетекчилери, жергиликтүү администрациялар, ошондой эле БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын адистери катышты.
Семинарда «Кыргыз Республикасындагы мектеп окуучуларынын тамактануусун оптималдаштыруу» программасынын жыйынтыгы чыгарылды. Катышуучулар 35 мектепти жана 13 мектепке чейинки мекемелерди камтыган программанын 13-агымын ишке киргизүүнү талкуулашты. Пландаштыруунун, отчеттуулуктун жана мониторингдин механизмдерин өркүндөтүү үчүн MoDa санариптик куралын киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулду, бул бардык деңгээлдеги программаны ишке ашыруунун натыйжалуулугун жана айкындуулугун жогорулатат.