Бишкекте 6 жашар бала иттерге таланган окуя боюнча кылмыш иши козголдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түштүАйыл чарба министрликке кабыл алууга кире албай жатышат — депутатЕАЭБде учкучсуз жүк ташууну жайылтуу пландалуудаТашкент – Ош багытындагы түз авиакаттам ачылды. Мындан ары каттамдар жумасына эки ирет аткарылатДепутат Дастан Бекешев ОРТ баасынын жогорулашын сынга алды
Бишкекте мэриянын кызматкери 2 300 доллар пара алып жаткан жеринен кармалды
05.08.2025 | 15:45

УКМК Бишкек мэриясына карашташтуу «Төмөнкү Ала-Арча» муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары Т.К.Ч. күйүүчү-майлоочу материалдарды саткан пункттарды жана муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз ижарага берип, системалуу түрдө мыйзам бузганын аныктады.
УКМКнын маалыматына ылайык, 4-августта ал 2 300 доллар өлчөмүндөгү пара алып жаткан учурда, өз иш бөлмөсүндө кармалды.
Азыркы учурда бул ишке тиешеси болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатат.
“Коррупциялык фактылар тууралуу маалыматыңыз болсо, УКМКга 0312 62-05-85 номери аркылуу кабарлоого болот”,-деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар