Бишкекте 3 күн бою изделип жаткан окуучу кыз табылдыБШК №29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кести
Бишкекте оңдоо иштерине байланыштуу дагы бир нече жол жабылды
11.06.2025 | 09:57
Бүгүн, 11-июнда жүрүп жаткан капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу Медеров көчөсүнүн Абай жана Тыныстанов көчөлөрү менен кесилишкен бөлүгү жабылат. Кесилиштер 18-июнга чейин жабык болот. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.
Ошондой эле Жаш Гвардия бульварынын дагы бир бөлүгү оңдоо үчүн жабылат. Тактап айтканда, жолдун Москва көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү (жолдун чыгыш тарабында) убактылуу жабылат.
Жабылуу учурунда Бөкөнбаев көчөсүнүн Жаш Гвардия бульвары менен Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишинен Турусбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү транспорт каражаттары үчүн убактылуу эки тараптуу болот.
Рубрики: Жаңылыктар