Бишкектин Биринчи май районунда өрт кырсыгынан эки өспүрүм кыз жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жалпы аянты 120 чарчы метр жыгач устундуу турак үйдүн мансард чатыры, гипсакартон шыбы толугу менен күйгөн.
Өрттүн кесепетинен 2 кыз (2009-жылы туулган Н.Т.) көзүнөн жаракат алып, (2010-жылы туулган К.С.) түтүндүн жытына уулунган.
Жабыркагандар тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.
Өрттүн себеби такталууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз