«Оргалча Токтобүбү рейдерлик басып алуу менен алектенүүдө» Оштун тургуну УКМКга кайрылды

«Оргалча Токтобүбү рейдерлик басып алуу менен алектенүүдө» Оштун тургуну УКМКга кайрылды

Ош шаарынын тургуну Хабибулла Ниязулла Жогорку Кеңештин депутаттыгына (“Альянс” фракциясынан) талапкер болгон Оргалча Токтобүбү өлкө башчылардын атын жамынып алып рейдерлик басып алуу менен алектенип жаткандыгын билдирди.

Ал УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Токтосун Сабыровго 2022-жылдын 14-июнунда арыз жазып, анда «Азия ТНК» ЖЧКнын директору Руслан Оморов, «Азия ТНК» ЖЧКнын негиздөөчүлөрү — Рустам Ажыбеков жана Оргалча Токтобүбү Кыргызстандын башчыларынын атын жамынып алып, башка бирөөнүн мүлкүн рейдерлик басып алуу, салыктарды төлөбөө, мыйзамсыз баюу, мамлекеттик кызматты жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жатышкандыгын көрсөткөн.

“Аталган жарандар «Азия ТНК» ЖЧКнын мурунку директору тушунда Ош облусунун Кара-Суу районунун Жийделик айылында кыргыз жараны Хабибулла Ниязуллага тийиштүү 2 гектар жерде жайгашкан консерва заводун ижарага берүү боюнча келишим түзгөндөн кийин дароо ал келишимди бузуп башташкан. Бул ижара акыларын төлөө мөөнөтүнүн бузулушуна алып келген. Ар кандай шылтоолор менен ижара акы төлөнгөн эмес.

Жетекчилерден тышкары, ЖЧКнын ишмердүүлүгүн өзүн Оргалча Токтобүбүнүн жолдошу деп тааныштырган Нургазы аттуу жаран активдүү катышып баштаган. Жолугушууда ал жогорку кызматтагы адамдардын атын жамынып, соттук жана мамлекеттик органдарга баш ийбей тургандыгын айткан. Ошону менен «Азия ТНК»  ЖЧКнын негиздөөчүсү жана жетекчиси болбой туруп, комплекстин ээсинин мыйзамдуу иштерине тоскоолдук кылган”, — деп жазылат арызда.

Арыз ээсинин маалыматы боюнча кийин ижара келишими жокко чыгарылса дагы алар комплексти бошотпой, ишмердүүлүгүн улантып келишет. Мындан тышкары, алар мыйзамсыз схемаларды колдонуу менен тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн катышуучуларынан акча чогултууну улантышууда.

“Мамлекеттик бажы кызматы эч кандай чара көрбөй жатат. Ушул жылдын 3-мартында Түштүк-Батыш бажы кызматынын орун басары арызды кабыл алганы менен азыркыга чейин эч кандай чара көрө элек.

«Азия ТНК» ЖЧКсы тарабынан ижарага алынган мүлк бажы көзөмөлдөө зонасы катары жарыяланганына көңүл бурулушу керек. Тактап айтканда, жогоруда көрсөткөн адамдардын мыйзамсыз аракеттери чет элдик ишкерлердин жана инвесторлордун негативдүү ой-пикирин жаратат”, — деп билдирген ал.

Буга чейин президент 2021-жылдын 13-январында: “Садыр Жапаровдун өкүл баласымын, жардамчысымын, кеңешчисимин” дешип, ар кайсы жерлерге барып, опузалоо менен пара талап кылып, бизнесин сурап жаткандар боюнча маалыматтар келип жатат.

Урматтуу кыргызстандыктар! Урматтуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери! Мейли ким болбосун, пара талап кылган болсо, мыйзамсыз иштерди кылса, бир тууганым болсо дагы дароо камакка алгыла. Мындан ары мыйзамсыз, адилетсиз иштерге жол берилбейт!”, -деп социалдык тармак аркылуу кайрылуу жасаган.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Садыр Жапаров (@sadyr_japarov)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>