Эл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулат
Бишкекте Орто-Сай базарынын тегерегинде башаламан соода кылгандар иретке келтирилүүдө
11.07.2019 | 14:36
Бишкек шаарындагы Орто-Сай базарынын тегерегинде башаламан соода кылгандар иретке келтирилүүдө. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 15 күндөн бери Орто-Сай базарынын тегерегиндеги Юнусалиев, Суеркулов жана Безымян көчөлөрүндө соода кылгандар иретке келтирилди. Текшерүү башталган күндөн тарта мыйзамсыз соода жүргүзүү катталган жок. Мындан ары дагы ушул тартип сакталып калат.
Мындан тышкары аталган мэрия шаар тургундарына Бишкектин аймагында ар кандай жарналарды жүргүзүүдө эрежени сактоого чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом