Колумбияда катуу жер титирөө болуп, жүздөн ашуун киши каза таптыКөңүл буруңуз! Жалган tolom.kg сайты аркылуу алдамчылардын тузагына түшүп калбаңызАт-Башыда эс алуу жайынан илбирс жана аюунун терилери табылдыМинистрлик F1H2O дүйнө чемпионатынан кийин Ысык-Көлдүн суусу булганбаганын билдирдиЖоголгон альпинисттерди издөө: куткаруучулар кесипкөй дронду ишке тартышатКара-Балтада жаштар ортосундагы мушташтан кийин 10го жакын жигит кармалды
Монако дүйнөдө биринчи болуп 5G интернет байланышын ишке киргизди
11.07.2019 | 14:56
Монако дүйнөдө биринчи болуп, Huawei`дин технологиясына негизделген 5G интернетин ишке киргизди. Бул тууралуу бир катар чет элдик басылмалар жазышууда.
Компаниянын вице-президенти Ли Сяолун АКШнын санкцияларына карабастан Huawei 5G желесин куруу үчүн 50дөн ашуун өлкө менен келишим түзүлгөнүн айткан.
Учурда Монакого 5G жогорку ылдамдыктагы интернет байланышын тараткан 23 станция орнотулган.
Айта кетсек, АКШ президенти Дональд Трамптын май айындагы буйругунан кийин, Google компаниясы Huawei менен кызматташууну токтоткон.
Рубрики: Дүйнө