1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты
Бишкекте өз өмүрүн кыюуга аракет кылган адам куткарылды
28.05.2025 | 14:45
Бишкек шаарында өз өмүрүн кыюуга аракет кылган 43 жаштагы жаран куткаруучулардын жардамы менен аман калды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 27-май күнү куткаруу кызматына Бишкектин Октябрь районунда 1982-жылы туулган эркек киши бактын үстүнө чыгып, өз жанын кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Окуя болгон жерге ӨКМнын 4 куткаруучусу барып, ыкчам аракеттерди жасап, куткаруу шаймандарынын жардамы менен жаранды бактан аман-эсен түшүрүшкөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар