Бир кварталда банктардын кассалары аркылуу дээрлик 3,8 трлн сом өткөнКыргызстанда «Кыргыз таза суу» мамлекеттик ишканасы түзүлөт2027-жылдан тарта илимий даражаларга үстөк акы эки эсе көбөйөтСадыр Жапаров Жалал-Абад облусуна барып, аймактын өнүгүшү боюнча баяндамаларды угатAsman Airlines авиабилеттерди сатып алуу үчүн мобилдик тиркемесин ишке киргизди22-октябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолу
Бишкекте өз өмүрүн кыюуга аракет кылган адам куткарылды
28.05.2025 | 14:45
Бишкек шаарында өз өмүрүн кыюуга аракет кылган 43 жаштагы жаран куткаруучулардын жардамы менен аман калды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 27-май күнү куткаруу кызматына Бишкектин Октябрь районунда 1982-жылы туулган эркек киши бактын үстүнө чыгып, өз жанын кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Окуя болгон жерге ӨКМнын 4 куткаруучусу барып, ыкчам аракеттерди жасап, куткаруу шаймандарынын жардамы менен жаранды бактан аман-эсен түшүрүшкөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар