Бишкекте пенсионер аял адам өлтүрүүгө шектелүүдө

Бишкекте пенсионер аял адам өлтүрүүгө шектелүүдө

Бишкекте пенсионер аял адам өлтүрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу Патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

25-январда саат 20:05 чамасында 102-линияга Бишкек шаарынын Каракум көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде эркек кишини бычактап кетишти деген билдирүү түшкөн.

Патрулдук милиция окуя болгон жерге барганда, 1980-жылы туулган Б.В., бычактан жаракат алып, Бишкек шаарынын ооруканасына жеткирилген. Кийинчерээк ал көз жумган.

Ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө Патрулдук милициянын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иштин натыйжасында 1959-жылы туулган жаран Б.Т.  кармалып, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Биринчи май РИИБге жеткирилген.

Бул факт Биринчи Май районунун Ички иштер башкармалыгынын «адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү каттоосунда катталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>