Айтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылдыБишкектин окуучулары Кыргызстандан чыккан биринчи космонавт Салижан Шарипов менен жолугуштуБишкекте 6 күндөн бери изделип жаткан өспүрүмдүн сөөгү табылдыДүйнөгө мунай баасынын кескин секириги коркунуч туудурабы жана Борбордук Азия Ормуз кысыгын алмаштыра алабы — АбдыровБишкектин Түндүк айланма жолуна жаңы транспорттук түйүн курула баштады
Бишкекте «Притон» рейдинин жүрүшүндө 5 күндө 41 сойку аныкталды
11.11.2025 | 10:10
Бишкекте 5–10-ноябрда «Притон» аттуу рейд өткөрүлдү. Анын алкагында укук коргоо кызматкерлери сауналарды, мейманканаларды жана суткалык батирлерди текшеришти. Жыйынтыгында 41 адепке жат жашоо образын алып барган аял милицияга жеткирилди. Аларга карата тиешелүү тергөө жана профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, мыйзам бузуулар катталган жайлардын ээлери жана администраторлору да милицияга чакыртылып, алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзамды сактоо боюнча жазуу түрүндөгү милдеттенмелер алынды.
Жыйынтыгында 12 сойкуга карата «Майда бейбаштык» беренеси боюнча административдик протоколдор түзүлдү.



