Бишкекте рейд өттү. Милиция сойкулук менен алектенгендерди аныктады — видео

Бишкекте рейд өттү. Милиция сойкулук менен алектенгендерди аныктады — видео

5-февралдан 6-февралга чейин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук кызматынын участкалык инспекторлору интимдик кызмат көрсөтүү менен алектенген адамдарды аныктоо боюнча профилактикалык иш-чараларын жүргүзүштү.

Биринчи Май РИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, күнүмдүк мейманканалардын ишмердүүлүгү дагы текшерилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чаралардын жүрүшүндө эки аял аныкталды, алар Биринчи Май РИИБне өздүгүн тактоо жана профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүү үчүн алынып келинген, андан кийин алар үйүнө чыгарылган.

Милиция кызматкерлери тарабынан Бузуулар кодексине ылайык жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында жалпы 66 миң 500 сомго 53 протокол түзүлдү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>