Бишкекте сөз эркиндиги боюнча митингдин катышуучулары чогулушууда — сүрөттөр

Бишкекте сөз эркиндиги боюнча митингдин катышуучулары чогулушууда — сүрөттөр

Бишкекте бүгүн, 29-июнда сөз эркиндиги боюнча тынчтык митинги саат 12.00дө башталат. Учурда митингге 100гө чукул адам чогулду. Бул тууралуу жеринен reporter.kg’нин кабарчысы билдирди.

Митинг #REАКЦИЯ 3.0 деп аталып, жарандык жүрүш болот. Темир жол бекетинен башталган жөө жүрүш Жогорку Кеңештин имаратынын алдына чейин уланат.

[su_image_carousel source=»media: 32972,32961,32960,32959,32958″ crop=»none» autoplay=»4″]

Белгилей кетсек, 25-майда парламент жыйынында депутаттар «Интернетти көзөмөлдөө тууралуу» мыйзам долбоорун 2-3-окууда дароо кабыл алышкан. Аталган мыйзам долбооруна эл өкүлдөрүнүн 79у “макул”, 10у “каршы” добуш беришкен. “Каршы” добуш берген депутаттар: Мирлан Жээнчороев, Жанар Акаев, Наталья Никитенко, Анвар Артыков, Карамат Орозова, Айгерим Бешимбаева, Дастан Бекешев, Эльвира Сурабалдиева, Айсулуу Мамашова жана Каныбек Иманалиев.

Наталья Никитенко Кыргызстан жаратылышы, эли жана сөз эркиндиги менен мактана ала турганын айтып, бул мыйзам менен элдин байлыгына кол салуу болуп каларын белгилеген.

Бул мыйзам долбооруна коомчулук дагы нааразычылыгын билдиришип, мыйзамдын демилгечи депутаттары Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонованын мандатын тапшыруусун талап кылышууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>