Бишкекте саймачылардын кароо-сынагы өтөт. Катышуу шарттары

Бишкекте саймачылардын кароо-сынагы өтөт. Катышуу шарттары

Бишкекте 15-апрелде «Сайма – 2023» кароо-сынак фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма соз кызматы билдирди.

Фестивалдын максаты сайма өнөрүн кайрадан жандандыруу, сактоо жана жайылтуу, салттуу маданиятты жана кол өнөрчүлүктү даңазалоо, кыргыз саймаларынын баалуулугун көргөзүп, ал өнөрдү алып жүрүүчүлөрдү шыктандыруу жана сайманын бир нече түрүн эл арасында кеңири жайылтуу болуп саналат.

«Эске салсак, элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бул түрүн унуткарбай, мурас катары сактап калуу аракетинде 2021-жылы өткөн сайма чемпионаты 500гө жакын саймачынын башы бириктирген. Ал эми, 2023-жылы өтө турчу маданий саамалыктын форматы кеңейтилип, жыл сайын өтүүчү фестивалга айланууда. Мындай кадам элдик кол өнөрчүлүктү сактоого жана даңазалоо карата жасалып жаткан аракеттердин бири катары саналат», — деп билдирет министрлик.

Бекитилген жобого ылайык, «Сайма – 2023» кароо-сынак фестивалына өлкөнүн бардык аймактарынан керме сайма сайганды билген каалоочулар катыша алышат. Ал үчүн атайын катышуучунун барагын 13-апрель саат 17:00гө чейин толтуруп, катталуусу шарт.

Кароо-сынак эки багытта өткөрүлөт:

1-багыт: «Сайма чемпионаты – 2023»;

2-багыт: «Мыкты белдемчи» сынагы.

«Сайма чемпионаты – 2023» сынагынын катышуучулары жаш курагына жараша эки топко бөлүнөт:

1-топ: 17 жашка чейинки мектеп окуучулары арасында;

2-топ: 18 жаштан жогорку катышуучулар арасында.

Уюштуруу комитети тарабынан ар бир багытка, ар бир топко өз-өзүнчө шарттар, талаптар коюлуп, баалоо критерийлер эки башка деңгээлде каралат.

Жеңүүчүлөр диплом, акчалай сыйлыктар менен сыйланат. Иш-чара саймачылардын мастер-класстары, «Шедевр белдемчи» аукциону жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү, интерактивдик оюндар менен коштолот.

Уюштуруучулар: Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, «Кийиз Дүйнѳ» коомдук фонду.

Өтө турган убактысы: 15-апрель, саат: 11:00.

Дареги: Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи, Абдрахманов көчөсү, 196.

Байланыш үчүн: е-mail: kiyizduino@gmail.com

Тел.: +996 700 91-48-79; +996 0708 326264.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>