Бишкекте Mercedes-Benz өспүрүм кызды сүзүп кетти — видео

Бишкекте Mercedes-Benz өспүрүм кызды сүзүп кетти — видео

Бишкекте Mercedes-Benz унаасы жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан өспүрүм кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, жол кырсык 30-мартта саат 19:35 чамасында Аска-Таш менен Кронштадт көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Mercedes-Benz унаасынын 38 жаштагы айдоочусу катуу ылдамдыкта келе жаткан. Анын алдындагы унаа жөө өтмөккө жөө жүргүнчүлөрдү өткөрүү үчүн токтогон. Ошол учурда Mercedes-Benz алдындагы унаа менен кагылышуудан качып, карама-каршы тилкеге чыгып, өтмөктөн өтүп бара жаткан өспүрүм кызды сүзүп кеткен.

Жол кырсыктын кесепетинен окуучу кыз оң ийнинен жаракат алып, №4 шаардык ооруканага кайрылган.

Учурда жол кырсык боюнча экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүүдө.

Айдоочунун унаасы айып аянтчасына токтотулган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>