ӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боор
Бишкекте самбо боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт
14.02.2025 | 14:04
Бишкекте самбо боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш 24-26-февраль күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда өтөт. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.
Таймаштар өтө турган салмактар:
Кыз-келиндер арасында (спорттук жана күжүрмөн самбо): 50, 54, 59, 65, 72, 80, +80 кг;
Эркектер арасында (спорттук жана күжүрмөн самбо): 58, 64, 71, 79, 88, 98, +98 кг.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт