Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди
Прокуратура: Таш-Көмүрдө бала бакчанын жери менчикке мыйзамсыз берилип кеткен
14.02.2025 | 14:48
Таш-Көмүр шаарында бала бакчанын жер тилкесинин мыйзамсыз менчикке өткөрүлүшү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Шаардык прокуратура жүргүзгөн текшерүүдө мэриянын жооптуу кызмат адамдары “Мишутка” балдар бакчасына таандык 3 млн 500 миң сомдук 17,17 сотых жерди жеке менчикке мыйзамсыз берип жиберишкендиги аныкталган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштерин жүргүзүү шаардык милицияга тапшырылды.
Учурда бала бакчанын жер тилкесин кайтаруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом