Евразиялык интеграция: жетилгендик экзамени тапшырылды. Андан ары эмне болот?Тоо боорундагы эс алуу күндөрү: кышкы адреналин издеп Бишкектен кайда баруу керек?Кыргызстанда канаттуулардын саны жана жумуртка өндүрүү 40%га өскөнү катталдыШвейцариянын лыжа курортундагы өрттөн ондогон адам каза болдуТелевидение кыргызстандыктардын эс алуусунун негизги түрү бойдон калуудаАйыл чарба продукциясын чыгаруунун көлөмү 396 млрд сомдон ашты
Бишкекте санитардык эрежелерди сактабаган айдоочуларга айып пул салынды
11.09.2020 | 16:23
Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан 1-июндан 10-сентябрга чейин 3 миң 981 коомдук транспорт текшерүүдөн өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, санитардык эрежелерди сактабаган айдоочуларга 284 протокол толтурулуп, 519 миң сом айып пул салынган.
«Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын адистери, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жана Патрулдук милициянын кызматкерлери рейдке чогуу чыгып жатышат. Алар коомдук транспортто санитайзерлердин бар-жогун карап, жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө», – деп жазылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом