Бишкекте СПА-борборлору, сауна жана мончолордун иштери жанданды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.
Санитардык эрежелерди сактоо талап кылынат. Ага имаратты дезинфекциялоо, мекеменин администрациясы жана тейлөө кызматкерлери беткап, колкап менен иштөөсү зарыл. Ошондой эле ар бир кардарды антисептик, санитайзерлер менен камсыздоо керек.