Бишкекте шаардык кеңештин шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон 4 партия нааразылык акциясын өткөрүүдө.
Жеринен кабарчыбыз кабарлагандай азыр Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын жанында 4 партиянын: «Социал-демократтар», «Реформа», «Улутман» жана «Кыргызстандын Комунистери» партияларынын өкүлдөрү чогулду.
Алар шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыгын билдиришип, утуп чыккан партияларды шайлоодон четтетүүнү талап кылышууда.
Болжолдуу 100 ашуун адам чогулду.