Бишкектеги Гапар Айтиев атандагы көркөм сүрөт музейинде скульптор Тамила Маматованын көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Көргөзмө 17-декабрда саат 15:00до ачылып, 5-январга чейин уланат. Анда скульптор айымдын 37 эмгеги элдин назарына коюлуп, чет өлкөлөрдөгү 28 эмгегинин сүрөттөрү илинет.
Тамила Маматова — белгилүү сүрөтчү жана скульптор, Кыргызстандын маданиятынын отличниги, Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты.