Кыргызстандын экономикасы 2025-жылы 11,1 пайызга өстү2025-жылы билим берүүгө 76,8 млрд сом бөлүндүКыргызстанда «Куурчак» аттуу психологиялык драма тартыла баштадыВелосипедден батирге чейин: Канттык курьер тамак ташып, кантип өз үйүнө акча тапты?Кыргызстанда риелторлорду сертификациялоо жана аларга айып пул салуу пландалуудаПрезиденттик шайлоонун күнүн аныктоо маселеси 24-сентябрга жылдырылды
Бишкекте скульптор Тамила Маматованын көргөзмөсү өтөт
16.12.2024 | 16:28
Бишкектеги Гапар Айтиев атандагы көркөм сүрөт музейинде скульптор Тамила Маматованын көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Көргөзмө 17-декабрда саат 15:00до ачылып, 5-январга чейин уланат. Анда скульптор айымдын 37 эмгеги элдин назарына коюлуп, чет өлкөлөрдөгү 28 эмгегинин сүрөттөрү илинет.
Тамила Маматова – белгилүү сүрөтчү жана скульптор, Кыргызстандын маданиятынын отличниги, Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом