Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Бишкекте скутердин айдоочусу Howo унаасынын алдында калып, көз жумду
10.09.2024 | 13:52
Бишкектин Арча-Бешик конушунда Howo унаасы менен скутердин катышуусунда жол кырсыгы болуп, скутердин айдоочусу көз жумду. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Жол кырсык бүгүн, 10-сентябрда болжол менен саат 11:45те болгон. Бетон аралаштыргыч Howo унаасы Жайыл баатыр көчөсү менен чыгышты көздөй бараткан. Ал Шералиев көчөсүнө жеткенде, оң жакка бурулуп жатып, аны катарлаш келе жаткан скутер менен калышкан (скутердин айдоочусу Howo унаасынын алдында калып калган – ред.). Натыйжада жол кырсыгынан скутердин айдоочусу көз жумган.
Окуя жерине милиция кызматерлери барып, маркум 2007-жылы туулган И.Ш. аттуу жаран экендиги аныкталган.
Учурда бул факт боюшча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Милиция кийинчерээк кошумча маалымат берилерин билдирди.