АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Быйыл сегиз айда 3 млрд 199,2 млн сом мүлк салыгы чогултулду
10.09.2024 | 12:30
Быйыл сегиз айда 3 млрд 199,2 млн сом мүлк салыгы чогултулду. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.
2023-жылдын январь-август айларына салыштырмалуу аталган салык 379,4 млн сомго көп жыйналган.
3 млрд 199,2 млн сомдун 845,7 млн сому кыймылдуу мүлк салыгынан, 1 млрд 251,3 млн сому кыймылсыз мүлк салыгынан жана 1 млрд 102 млн сому жер салыгынан чогултулган.
Эскерте кетсек, мүлк салыгын төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом