Бишкекте таксилердин дем алыш күндөрү иштөөсүнө уруксат берилди

Бишкекте таксилердин дем алыш күндөрү иштөөсүнө уруксат берилди

Бишкекте такси кызматынын дем алыш күндөрү иштөөсүнө кайрадан уруксат берилди. Мындай чечим көпчүлүктүн өтүнүчү менен кабыл алынганын шаардык мэриядан кабарлашты.

Буга чейин коронавируска чалдыккандардын саны кескин көбөйүп жаткандыгына байланыштуу дем алыш күндөрү автобус, троллейбус менен бирге такси кызматтарын токтотуу чечими кабыл алынган.

Кечээ, 1-июнда  иш күндөрү дагы коомдук транспорттордун ишине чектөө киргизүү боюнча чечим чыккан. Ага ылайык, автобус, троллейбус жана маршруттук таксилер эртең менен саат 07.00дөн 10.00гө чейин жана кечки 17.00дөн 21.00гө чейин иштейт. Ал эми ишемби жана жекшемби күндөрү такыр каттабайт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>