Ишкананын каражатын жеке эсебине которуп турган. «Кыргыз почтасынын» башкы эсепчиси кармалдыЭкспорттук рекорд: Өзбекстандын тышкы соодасынын көлөмү 35 жылда 18 эсеге өстүОшто туристтик сезон расмий түрдө ачылдыКазакстандын Энергетика министрлиги мунайды кайра иштетүү кубаттуулугун эки эсеге арттырууну жана Борбордук Азиядагы позициясын чыңдоону пландаштырууда«Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жолунун курулушу: бүгүнкү күндө кандай иштер жасалуудаЕАЭБ өлкөлөрү авиациялык мыйзамдарды шайкеш келтирүүгө киришишет
Бишкекте темир жолдун астынан өткөн дагы бир жол курулат
16.07.2024 | 17:10
Бишкекте темир жолду астынан кесип өткөн дагы бир жол курулат. Анын курулушуна тендер жарыяланды.
Мэриянын маалыматында, долбоордун биринчи этабына 139 миллион сом коротулат. Анда Бакаев көчөсү (Бакаев көчөсү Алтымышевго келип токтоп, андан ары Толстойго чейин Матыев деп аталат – ред.) Лев Толстойду кесип, Бөкөнбаевге чейин узартылат.
Өтмөктү “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы куруп жатат. Анын туурасы 9 метрди түзүп, эки тарабында тротуар болот.
Темир жолдун алдынан 7,2 метр тереңдиктеги арык казылып, эки тарабынан узундугу 462 метрлик дубал тургузулат.
Белгилей кетсек, шаардагы унаа тыгынын азайтуу үчүн темир жолду кесип өткөн 8 жол курулары айтылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом