КРСУ жана «Газпром-Медиа» жеке бренд жана медиакоммуникация боюнча курсту ишке киргиздиБишкекте алгачкы фармацевтикалык кампа-логистикалык комплексинин курулушу башталдыЖКда үч жылга соттолгон балдар нефрологунун ишин кайра кароо сунушталды«Кыргызстан Кореяны артыкчылыктуу өнөктөш катары карайт»: Садыр Жапаров президент Ли Чжэ Мён менен жолуктуМектеп окуу китептеринин базарларда сатылышы боюнча текшерүү башталдыБаткенде мыйзамсыз лотерея уюштурган шектүү кармалды
Тай-Мурас Ташиев Оштогу селде жабыркаган 2 үй-бүлөгө үй куруп берет (видео)
16.07.2024 | 16:01
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айылында селден жабыркаган 2 тургунга үй куруп берет. Бул тууралуу “Регион” телеканалынын жетекчиси Өткүрбек Рахманов билдирди.
Анын айтымында, Тай-Мурас Ташиев селден жабыркагандардан барып кабар алып, турак жайы жараксыз болуп калган эки үй-бүлөгө жаңысын куруп берүүнү убадалады.
Белгилей кетсек, 14-июль күнү Ош шаарында жана облустун бир нече айылдарында катуу сел жүрдү. Ал 800гө жакын үйгө кирип, 8ден ашык көпүрөнү жана бир катар социалдык мекемелерге зыян келтирген. Сел калаанын башкы базары аркылуу өтүп, ишкерлердин товарларын агызып кеткен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом