Манастагы «Даңк аллеясы»: аза күткөн эне, өчпөс от жана үч миң ысымКасымалиев «Ачык кабинет» долбоорунун экинчи этабы башталарын жарыяладыКонгодо Эболага чалдыккандардын саны 2 миңден аштыЭнергетиктер Кыргызстанда электр энергиясынын массалык түрдө өчүшүнүн себебин билдириштиКыргызстанда «Кызыл гвоздика» ден соолукту чыңдоо борборунун жаңы корпусу ачылды2026-жылы КРСУну Казакстандын 56 жараны аяктады, алардын көбү болочок дарыгерлер
Бишкекте темир жолдун астынан өткөн дагы бир жол курулат
16.07.2024 | 17:10
Бишкекте темир жолду астынан кесип өткөн дагы бир жол курулат. Анын курулушуна тендер жарыяланды.
Мэриянын маалыматында, долбоордун биринчи этабына 139 миллион сом коротулат. Анда Бакаев көчөсү (Бакаев көчөсү Алтымышевго келип токтоп, андан ары Толстойго чейин Матыев деп аталат – ред.) Лев Толстойду кесип, Бөкөнбаевге чейин узартылат.
Өтмөктү “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы куруп жатат. Анын туурасы 9 метрди түзүп, эки тарабында тротуар болот.
Темир жолдун алдынан 7,2 метр тереңдиктеги арык казылып, эки тарабынан узундугу 462 метрлик дубал тургузулат.
Белгилей кетсек, шаардагы унаа тыгынын азайтуу үчүн темир жолду кесип өткөн 8 жол курулары айтылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом