Бишкекте тилсиз жоо бир адамдын өмүрүн алды

Бишкекте тилсиз жоо бир адамдын өмүрүн алды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкекте вагон өрттөнүп, бир адам көз жумганын кабарлады.

Министрликтин билдиришинче 11-ноябрдан 12-ноябрга караган түнү борбор калаанын Токтоналиев көчөсүндөгү  вагондон өрт чыгып, толук күйүп кеткен. Тилсиз жоонун кесепетинен  бир киши каза болгон.

Окуя болгон жерге барган куткаруучулар маркумдун жансыз денесин чыгарышып, милиция кызматкерлерине  өткөрүп беришкен. 

Учурда өрттүн себеби такталууда.   

Тэги: Бишкек өрт

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>