Бишкекте адамдарды тоноп жүргөндөр кармалды — арасында жаш балдар бар

22.10.2025 | 18:31

Бишкек шаарында жаштардын тобу адамдардан каракчылык кылганы үчүн кармалды. Кармалгандардын арасында жашы жете электер бар экени айтылды.

Бишкек ШИИБдин маалыматына караганда, 12-октябрда Свердлов районунун милициясына А.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал эртең менен саат 06:30 чамасында Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар кол салганын билдирген. Каракчылар күч колдонуп, анын 23 миң сомдук саатын, 30 миң сом акчасын, iPhone 13 Pro телефонун жана башка жеке буюмдарын алып кетишкен. Жалпы чыгым 235 миң сом түзгөн.

Бул факт боюнча Свердлов райондук милициясы КР Кылмыш кодексинин 206-беренеси («Каракчылык») боюнча кылмыш ишин козгоду.

Оперативдик иш-чаралар учурунда 18 жаштагы Т.Т., Ж.Б., А.О. жана 17 жаштагы К.Ж. аттуу шектүүлөр кармалды. Алардын баары мурда ушул сыяктуу кылмыштар үчүн жоопкерчиликке тартылган.

Тинтүү учурунда бир шектүү ыктыярдуу түрдө ал алынган мобилдик телефонду кайтарган. Буюм далил катары кабыл алынып, ээси катары кайтарылган.

Scroll to Top