Бишкекте Царикаевдин унаасын сүзүп, ал эми өзүн төрт адам сабап кетти

25.10.2025 | 14:56

Бишкекте Муниципалдык инспекциянын башчысы Мирлан Таалайбеков сабалды. Бул маалыматты Reporter.kgге шаардык Кайгуул кызматынын басма сөз кызматы тастыктады. Окуя кечээ түнү болжол менен 01:30дар чамасында Алыкулов жана Өмүр көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Маалыматка ылайык, Таалайбеков жубайы менен автоунаасында келе жаткан учурда арт жагынан башка унаа сүзгөн. Ал унаадан эки эркек түшүп, Мирлан Таалайбеков менен алардын ортосунда чыр чыккан. Кийин аларга дагы эки киши кошулуп, алар Таалайбековду караңгы жерге сүйрөп барып сабашкан.

Кол салгандардын экөөсү окуя болгон жерден качып кетишкен, бирок Кайгуул кызматынын кызматкерлери аларды кармап, Ленин райондук ИИБге жеткирген.

Мирлан Таалайбековдун бир нече тиши сынган жана эриндери жабыркаган.

Ленин райондук ИИБдин маалыматына караганда, бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Ээнбаштык» беренеси менен иш козголду. Кармалган 27 жаштагы Ж.А., С.А., Э.А. жана С.Э. убактылуу кармоочу жайга киргизилишти.

Scroll to Top