Бишкекте тургунду 75 миң долларга алдап кеткен деген шектүү кармалды

Бишкекте тургунду 75 миң долларга алдап кеткен деген шектүү кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, быйыл 9-январда аларга шаар тургуну кайрылган. Ал билдиргендей, 2024-жылы жазында 66 жаштагы С.Ж. аттуу жаран жана дагы эки чет элдик (Д. жана Р.) Лондон банкынан банктык аккредитив алып берүүнү убадалап 75 миң доллар алып, алдап кетке.

Аталган факт боюнча «алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөо иштеринин натыйжасында шектүү катары 66 жаштагы С.Ж. аттуу жаран кармалган. Соттун чечими менен ал тергөө аяктаганга чейин №1 тергөө абаганы камакка алынды.

Милиция шектүүнүн (С.Ж.) башка алдамчылык фактыларга катыштыгы бар экени аныкталганын билдирип, алдангандар болсо, 0703 91 36 80 же 0777 01 17 84 номерине кабар берүүсүн суранат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>