Касым-Жомарт Токаев Орусияны ТМУга кабыл алууну сунуштадыКырсык себеп болгон: Бишкек мэриясы жаңы каптаманын бузулушунун себебин атадыКыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирдиЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалды
Прокуратура: Мамлекетке келтирилген 567 млн сомдук зыян боюнча кылмыш иши козголду
06.03.2025 | 18:04
Башкы прокуратура Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин сактоосунда турган мобилизациялык резервде товар жана материалдардын ири өлчөмдө жетишсиз экендигин аныктады. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.
Маалыматта айтылгандай, резервдеги жетишсиз товарлар жана материалдардын жалпы суммасы 567 млн сомдон ашат.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголду. Учурда тергөө жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар