1-6-июнь күндөрү Бишкек шаарында «Улуттук баалуулуктар айыл чарбадан башталат» аттуу көргөзмө-жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги жарыялады.
Жарманке Киев көчөсү 96 А. дарегинде Агропром имаратынын алдында өтөт.
Иш чарада улуттук тамак-аш, суусундуктар, этно кийимдер, уз чеберчилик буюмдарынын, музыкалык аспаптар, тери жыгач жасалгаларынын, ошондой эле ата-мекендик өндүрүүчүлөрдүн жарманке көргөзмөсү болот.
Иш чарада мастер класстар ,улуттук баалуулуктар боюнча кызыктуу маалыматтар, айыл чарба тармагында жүрүп жаткан иштер тууралуу маалыматтар жана консультациялар берилет.
Балдарды анимациялар, оюн зооктор, таттуу балмуздактар күтөт. Эң мыкты катышуучуларга сыйлуу белектер да каралган.
Министрлик айыл чарба продукциясын өндүргөн дыйкандарга жана компанияларга орундар чектелүү экендигин эскертти.
Сурап билүү үчүн төмөнкү номурга кайрылуу керек: Искак Анарбеков 0555346060