8–9-май күндөрү Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата Бишкек шаарында бир катар салтанаттуу жана маданий иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
8-май күнү саат 10:00дөн 12:00гө чейин Ала-Тоо аянтында аскердик парад өтөт. Ага Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн жана башка күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышат. Парадда 120дан ашык аскердик жана атайын техника, анын ичинде оор бронетехника, артиллерия, абадан коргонуу системалары жана авиация тартылат. Техниканын бир бөлүгү республикалык бюджеттин эсебинен жаңы алынган заманбап үлгүлөрдөн турат. Ошондой эле параддын аба бөлүгүнө Кыргызстандын жана Россиянын аскердик авиациясы катышат.
Ушул эле күнү саат 16:00дөн тартып Фрунзе жана Шопоков көчөлөрүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки аймакта аскердик техниканын көргөзмөсү уюштурулат.
9-май күнү эртең мененки саат 09:00дө Д.Асанов атындагы паркта «Өлбөс полк» акциясы башталып, катышуучулар Жеңиш аянтындагы «Өчпөс от» мемориалына чейин жүрүшөт. Саат 10:00дө Түбөлүк отко гүл коюу менен эскерүү иш-чарасы өтөт. Андан соң саат 14:00гө чейин майрамдык концерт жана «солдат» боткосу менен меймандар сыйланат.
Кечинде, саат 17:00дөн 22:00гө чейин Ала-Тоо аянтында «Жеңиш ырлары» аттуу чоң майрамдык концерт болот. Иш-чарага кыргыз эстрада жылдыздары жана Россиянын белгилүү артисттери катышат. Концерт Улуу Ата Мекендик согуштун хроникасы менен коштолуп, интерактивдүү аянтчаларда согуш мезгилиндеги курал-жарак, кийим-кече жана тиричилик буюмдарынын көргөзмөсү уюштурулат.
Майрамдын кульминациясы катары дрондор аркылуу жарык шоу көрсөтүлүп, Жеңиш күнүнүн урматына асман миңдеген жарыктар менен жаркырайт.