Бишкекте унаадан акча, телефон уурдап кеткен жигит кармалды

Бишкекте унаадан акча, телефон уурдап кеткен жигит кармалды

Бишкек шаарында уурулукка шектелген жаран кармалганын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милицияга эркек киши арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 31-декабрга караган түнү Журналная көчөсүндө белгисиз адамдар “Ниссан Альмера” үлгүсүндөгү унаанын салонунан 50 миң сом, ачкычтар топтому жана 10 миң сомдук Redmi 9 уюлдук телефонун уурдап кетишкен.

Бул фактынын негизинде Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Биринчи май РИИБдин ыкчам кызматкерлери Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте кылмышка шектүү катары 2005-жылы туулган С.Н. аттуу жаран кармалып, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда анын башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы такталууда.

Милиция кармалган жарандын кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0707-71-71-14 же 102 телефон номурларына кабарлап коюуну өтүнөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>