Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү — Садыр ЖапаровСаламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы башчысы менен УКМК төрагасынын мурдагы орун басары пара алууга айыпталуудаКыргызстан боюнча 20 миңден ашык видеокөзөмөл камералары орнотулат — ИИМАнкаранын Борбор Азиядагы аскердик-өнөр жай комплекси: учкучсуз учактардан аскердик экосистемаларга чейинЧүй облусу гана эмес, бүтүндөй Кыргызстан өнүгүүдө — Болот ИбрагимовКөргөзмөлөр, улуттук тамак-аштар жана концерт: Бишкекте Чүйдүн 100 жылдык мааракеси белгиленүүдө
ЖЭБдеги кырсык. Жабыркагандарга Түркияда операция жасалды
06.02.2024 | 20:10
Бишкек ЖЭБдеги жарылууда жабыркаган кызматкерлерге Түркияда операция жасалды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев билдирди.
«Абалы оор. Бирине мурдагы күнү, экинчисине кечээ операция жасалды», – деди ал.
2-февралга караган түнү ЖЭБде авария болгон. Жарылуудан беш адам жабыркап, алардын экөө денесинин 80% жана 90% күйүк алышкан. 3-февралда алар Түркиядагы адистештирилген клиникага которулган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар