Бишкекте унаасынан кум төгүлгөн айдоочу мэр Айбек Жунушалиевден тил укту.
Жунушалиев Абдрахманов көчөсүндө баратып, жүк ташуучу унаасынан кум төгүлүп жаткан айдоочуну көрүп калган. Мэр аны токтотуп, шаарды булгап жатканын айтып, урушкан.
Аягында айдоочуга жолду булгаганы үчүн 7,5 миң сом салынган.