Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайыТалас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулууда
Бишкекте велосипед уурдоого шектүүлөр кармалды
06.03.2025 | 15:14
Бишкек шаарында велосипед жана скутер уурдоого шектелип 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 26-февралда милицияга шаар тургуну кайрылып, 20-февралда саат 19:15 чамасында белгисиз адамдар Панфилов көчөсүндөгү үйдүн кире беришинен жалпы баасы 75 миң сом болгон эки велосипедди уурдап кеткенин айткан.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 31, 29 жана 22 жаштагы үч жаранды кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Милиция билдиргендей, тергөөнүн жүрүшүндө кармалгандардын дагы ушул сыяктуу 15тен ашык кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталган.

Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар