Бишкекте велосипед уурдоого шектелген жигит кармалды

01.12.2024 | 11:34

Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери велосипед уурдоого шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 15-ноябрында милицияга Ж.А., арыз менен кайрылып, 1-ноябрь күнү саат 08:00 чамасында Манас проспектисинде жайгашкан үйдүн кире беришинен 22 миң сомдук «Гигант» үлгүсүндөгү велосипедин уурдап кеткендигин билдирген.

Бул фактынын негизинде тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин «Уурдоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 2001-жылы туулган Т.у.Р кармалган. Ал Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top