Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда XII «Япон күзү» эл аралык искусство фестивалынын алкагында Япония жана Италиядан келген музыканттардын концерти болот.
Иш-чара 26 жана 27-сентябрда өтөт.
26-сентябрь, саат 19:00. япониялык Лиза Ясуда (скрипка) менен Рютаро Сузуки (фортепиано).
Программада Бетховен, Григ жана япон композиторлорунун чыгармалары аткарылат.
27-сентябрь, саат 19:00. италиялык Марко Скьяво менен Сержо Маркежани (фортепиано).
Программада европалык жана япондук композиторлордун музыкалары бар.
Концерттерге кирүү акысыз.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз