Бишкекте заманбап эт сатуучу дүкөн ачылды

Бишкекте заманбап эт сатуучу дүкөн ачылды

Бишкекте 19-декабрда Садигалиев көчөсүнүн 9а / 2 дарегинде жайгашкан Дордой Дыйкан базарынын аймагында заманбап эт сатуучу дүкөн ачылды.

Борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, дүкөндүн аянты 1300 чарчы метр. Айына 7 миң сом ижара акысы менен 47 соода орундары бар. Иштөө убактысы: күн сайын саат 8: 00дөн 20: 00гө чейин.

Базардын ичинде ар бир эт азыктары кылдат лабораториялык текшерүүдөн өтүп, андан кийин гана чекене сатуу жайына жөнөтүлөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>